Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Айыл өкмөтүнүн башчысынын жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Коңур-Дөбө айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 17 отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№17/1


22-декабрь 2022-жыл

Айыл өкмөтүнүн башчысынын жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-главасынын 40-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Конур-Дөбө айылдык кенеши

токтом кылат:

1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету канаттандыраарлык деп табылсын.

 

2. Айыл өкмөт башчысынын жыл ичинде аткарган иштеринде айрым кемчиликтерди жоюу айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:
Т. Бегматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

2022-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы жана социалдык-эконолмикалык өнүгүү планынын 2023-жылга бекитүү жана 2024-2025 жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Коңур-Дөбө айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 17 отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№17/2


22-декабрь 2022-жыл

2022-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы жана социалдык-эконолмикалык өнүгүү планынын 2023-жылга бекитүү жана 2024-2025 жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзаынын 34-беренесинин3-пунктунун негизинде 2022-жылдын башындабекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2023-жылга бекитүү жана 2024-2025 жылдарга болжолдуу пландарын бекитүүнү угуп жана талкуулап Конур-Дөбө айылдык кенеши

токтом кылат:

1. 2022-жылдын башында бекитилген айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын.

 

2. 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жана 2024-2025-жылдарга  болжолдуу планы бекитилсин.

 

3. 2024-2025-жылдарга түзүлгөн өнүгүү планына өзгөртүүлөр, толуктоолор жана аныкталган көйгөй маселелер киргизилсин.

Төрага:
Т. Бегматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

Коңур Дөбө айыл өкмөтүндө мүлк салыгын киргизүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Коңур-Дөбө айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 7 отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№7/3


22-декабрь 2022-жыл

Коңур Дөбө айыл өкмөтүндө мүлк салыгын киргизүү жөнүндө

2022-жылдын 18-январы № 4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 2 пунктуна ылайык 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү жөнүндө Конур-Дөбө айылдык кенеши

токтом кылат:

1. 2022-жылдын 18-январы № 4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык 2023-жылдын 1-январынан тартып Коңур Дөбө айыл өкмөтүндө мүлк салыгы киргизилсин

 

2. Мүлк салыгын эсептөө 2022-жылдын 18-январы № 3 “Кыргыз Республикасынын салык кодексине” ылайык жүргүзүлсүн

 

3. Коңур Дөбө айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициентин 1.0 өлчөмүндө бекитилсин

 

4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышы Коңур Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы З. Каримовко жана Коңур Дөбө айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Д. Жунусовко милдеттирилсин

 

Төрага:
Т. Бегматов

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Конур-Дөбө Айылдык Кеңеши

“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Конур-Дюбинский Айыльный Кеңеш


Коңур-Дөбө айылдык Кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 17 отурумунун
ТОКТОМУ


Боз-Караган айылы

№17/4


22-декабрь 2022-жыл

“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга көрсөтүү жөнүндө” мыйзамына ылайык Конур-Дөбө айылдык кенеши

токтом кылат:

1. Коңур-Дөбө айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон зор салымы  үчүн Маматов Мирбек Акжигитович,Турганбаев Талас, Дөөлатов Каныбек Туратович Коңур-Дөбө айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүлсүн

 

2. Токтомду аткаруу жагы  Коңур-Дөбө айыл  окмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

Төрага:
Т. Бегматов