Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылынын Күңгөй каналынын чыгыш тарабында жайгашкан №1312 контурунда 3,45 га кайрак айдоо, №571 контурунда 3,45 га кайрак айдоо, №572 контурунда 0,66 га жайыт, жалпы 7,56 га “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы” жер аянтын турак жай салуу үчүн “Калктуу конуш жерлери” категориясына которууга макулдук берүү жана Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын алдындагы жер комиссиясына сунуштоо жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака

Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 12-отурумунун
ТОКТОМУ

15.08.2025 №12/1

Боз-Караган айылы

Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылынын Күңгөй каналынын чыгыш тарабында жайгашкан №1312 контурунда 3,45 га кайрак айдоо, №571 контурунда 3,45 га кайрак айдоо, №572 контурунда 0,66 га жайыт, жалпы 7,56 га “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы” жер аянтын турак жай салуу үчүн “Калктуу конуш жерлери” категориясына которууга макулдук берүү жана Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын алдындагы жер комиссиясына сунуштоо жөнүндө

Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылынын Күңгөй каналынын чыгыш тарабында жайгашкан №1312 контурунда 3,45 га кайрак айдоо, №571 контурунда 3,45 га кайрак айдоо, №572 контурунда 0,66 га жайыт, жалпы 7,56 га “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы” жер аянтын турак жай салуу үчүн “Калктуу конуш жерлери” категориясына которууга макулдук берүү жана Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын алдындагы жер комиссиясына сунуштоо максатында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесине ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Кыштак айылынын Күңгөй каналынын чыгыш тарабында жайгашкан №1312 контурунда  3,45 га кайрак айдоо, №571 контурунда 3,45 га кайрак айдоо, №572 контурунда 0,66 га жайыт, жалпы 7,56 га “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясындагы” жер аянтын турак жай салуу үчүн “Калктуу конуш жерлери” категориясына которууга макулдук алуу жагы Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын алдындагы жер комиссиясына сунушталсын.

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалынан суроо жер маселери боюнча башкы адиси К.А.Пасаңовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагынын калкынын ичүүчү таза сууга болгон акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака

Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 13-отурумунун
ТОКТОМУ

18.08.2025 №13/1

Боз-Караган айылы

Курманжан Датка айыл аймагынын калкынын ичүүчү таза сууга болгон акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Курманжан Датка айыл аймагынын калкынын ичүүчү таза сууга болгон акыларынын тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин.

- ар бир кожолукка (түтүнгө) 1 куб 50 (элүү) сом;

  1. Чогултулган ичүүчү таза суунун акыларынын акча каражаттары “Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын эсебине төгүлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл аймагынан аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака

Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 14-отурумунун
ТОКТОМУ

29.08.2025 №14/1

Боз-Караган айылы

Курманжан Датка айыл аймагынан аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Курманжан Датка айыл аймагынан аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди бекитүү жөнүндө Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 14-отуруму токтом кылат:

  1.  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын                        5-главасынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Курманжан Датка айыл аймагынан аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мөөнөтү бүтүп, башкадан курам түзүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл аймагында өткөрүлгөн элдик жыйындарынын протоколунун негизинде комиссиянын курамына көрсөтүлгөн талапкерлер депутаттардын колдоосу менен бекитилип берилсин.
  2. Аймактык  шайлоо комиссиясынын талапкерлеринин өздүк документтери Алай аймактык шайлоо комиссиясына өз учурунда тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
  4.  Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
  5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Кыргыз Республикасынын №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткарууга алуу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 15-отуруму
ТОКТОМУ

28.09.2025 №15/1

Боз-Караган айылы

Кыргыз Республикасынын №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткарууга алуу жөнүндө

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 15-отуруму, Курманжан Датка айылдык кеңешинин төрагасы Д. Камчыбек уулунун, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 04.09.2025 №16/173 сандуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын аткаруу буйругуна ылайык, Курманжан Датка айыл аймагындагы айыл өкмөтүнө караштуу калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-17-пунктуна ылайык токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 06-декабрындагы №194 «Тынчтык жөнүндө» мыйзамы Курманжан Датка айылдык кеңеши тарабынан жактырылсын.
  2. Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясы тарабынан 2025-жылдын 4-сентябрындагы №16/173 буйругу, Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу максатында Курманжан Датка айыл аймагы боюнча  аткарууга алынсын.\
  3. Кабыл  алынган   токтомдун   мыйзам  чегинде  аткарылышын  камсыз  кылуу  жагы  айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна жана Курманжан Датка айыл аймагы боюнча  айыл башчыларына милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
  5. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
  6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Арпа-Тектир айылына көпүрө салууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 15-отуруму
ТОКТОМУ

25.09.2025 №15/2

Боз-Караган айылы

Арпа-Тектир айылына көпүрө салууга макулдук берүү жөнүндө

Курманжан Датка айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 15-отуруму, Арпа-Тектир айылынын жарандарынын арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 14-пунктуна ылайык токтом кылат:

  1. Арпа-Тектир айылынын жарандарынын арызы Курманжан Датка айылдык кеңеши тарабынан аткарууга алынсын.
  2. Курманжан Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылынын жарандарынын кайрылуусунун негизинде Арпа-Тектир айылына көпүрө салууга макулдук берилсин.
  3. Тиешелүү корутунду жана ӨКМ тарабынан уруксат иш кагаздарын алуу жагы жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жана жеке демөөрчүгө жүктөлсүн.
  4. Кабыл  алынган   токтомдун   мыйзам  чегинде  аткарылышын  камсыз  кылуу  жагы  айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна жана Курманжан Датка айыл аймагы боюнча  айыл башчыларына милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
  6. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
  7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы «Кезектеги IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» ПЖ № 270 Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака

Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 16-отурумунун
ТОКТОМУ

08.10.2025 №16/1

Боз-Караган айылы

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы «Кезектеги IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» ПЖ № 270 Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы «Кезектеги IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» ПЖ №270 Жарлыгын ишке ашыруу, Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо боюнча уюштуруу маселелерди талкуулап, Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планына ылайык, Кезектеги IV Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жумушчу топтун курамын түзүү, айыл аймактарда бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү, белгиленген тартипте иш алып баруу максатында Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кезектеги IV Элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү,  делегаттарды шайлоо боюнча жумушчу топтун  курамы төмөнкүлөрдөн түзүлсүн  (№1 тиркеме).
  2. Кезектеги IV Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү жыйындардын графиги, өтүлүүчү жайлар, жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны жана тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери, жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси бекитилсин (№2 тиркеме).
  3. Кезектеги IV Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жумушчу топтун курамына ар тараптан көмөк көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдетендирилсин.
  4. Коомдоштуктардын жыйындарынын протколдорду жумушчу тобуна тапшырылсын.
  5. Кезектеги IV Элдик курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча чаралардын көрүлүшү тууралуу жана алардын келип чыккан укуктук маселелерди жөнгө салууга байланышкан маалыматтарды, тиешелүү документтерди  убагында берип туруу айылдык кеңештин жооптуу катчысы   Г. Кимсанбай кызына жүктөлсүн.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмдө калтырамын.

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

Курманжан Датка айылдык кеңешинин

2025-жылдын 8-октябрындагы 7-чакырылышынын

кезексиз 16-отурумундагы №16/1 токтомунун  №1 тиркемеси

Курманжан Датка айыл аймагында  «Кезектеги IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү, делегаттарды шайлоо боюнча жумушчу топтун курамы

  1. Д. Камчыбек уулу-айылдык кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
  2. Г. Кимсанбай кызы-жооптуу катчы, жумушчу топтун катчысы;

Мүчөлөрү:

  1. С.Акимкулова -айылдык кеңештин депутаты;
  2. М. Мамытов-айылдык кеңештин депутаты;
  3. Ж. Маматумаров- айылдык кеңештин депутаты;
  4. А. Абылаева- айылдык кеңештин депутаты;
  5. А. Бегматова- айылдык кеңештин депутаты;
  6. Т. Масакова- айылдык кеңештин депутаты;
  7. С. Абдыкеримова-№17 МЧББМсинин директору;
  8. Р. Абылкасымова -№18 МЧББМсинин директору;
  9. Н. Ж. Кыдыралиева -№35 МЧББМсинин директорунун милдетин аткаруучу;
  10. А. Кулаева-№23.М. Ташиев а.о.м директору;
  11. Н. Орозбаев- №24 К. Аматов а.о.м директору;
  12. З. Абдыкадырова-№25 Э. Мурзаева а.о.м директору;
  13. Бардык айыл башчылары.

Жооптуу катчы                                                              Г.   Кимсанбай кызы

Курманжан Датка айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-октябрындагы

7-чакырылышынын кезексиз

16-отурумундагы №16/1 токтомунун №2 тиркемеси

Кезектеги IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү,  делегаттарды шайлоо боюнча графиги

Айылдардын аталышы

Калктын саны

Квота

Өтүүчү жылы, айы, күнү

Убагы

Жыйын

өтүүчү орду

Жыйын өткөрүүгө жооптуулар

1

Боз-Караган

1536

16

20.10.2025

11:00

Айыл өкмөтүнүн имараты

Төрага-Д. Камчыбек уулу,

М. Мамытов, Э. Сагынбай кызы-депутаттар,

У. Курбанов-жетектөөчү адис

2

Кара-Шоро

1814

17

20.10.2025

14:00

№23. М. Ташиев атындагы орто мектебинин актылык залы

Төрага-Д. Камчыбек уулу,

Т.Масакова,

К. Эргешов- депутаттар,

М. Алибаев-айыл башчы

3

Жар-Кыштак

691

3

20.10.2025

16:00

Аялдама

Төрага-Д. Камчыбек уулу,

А. Бегматова,

А. Аттокур уулу- депутаттар,

У. Курбанов-жетектөөчү адис

4

Арпа-Тектир, Кызыл-Ой

2569

19

22.10.2025

14:00

Зам-Зам мечитинде

Төрага-Д. Камчыбек уулу,

С.Акимкулова,

А. Исаев- депутаттар,

Р.Абытов-айыл башчы

5

Күнгөй

849

4

21.10.2025

11:00

Баштооч мектебинин имараты

Төрага-Д. Камчыбек уулу,

А. Абылаева, Э. Абеков- депутаттар, А.Темирмамат уулу-айыл башчы

6

Кабылан-Көл, Курулуш, Кара-Жыгач

2600

21

21.10.2025

14:00

№25 Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин актылык залы

Төрага-Д. Камчыбек уулу,

Ж.Маматумаров,

А. Абдиева- депутаттар,

У. Кадыркулов- айыл башчы

Айыл аймак боюнча

10059

80

Жооптуу катчы                                                              Г. Кимсанбай кызы

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча 2025-жылдын бекитилген сметасынын планына өзгөртүү киргизип тактоо жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака

Курманжан Датка айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 16-отурумунун
ТОКТОМУ

08.10.2025 №16/2

Боз-Караган айылы

Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча 2025-жылдын бекитилген сметасынын планына өзгөртүү киргизип тактоо жөнүндө

Бюджеттик комиссиянын талкуусун угуп, Курманжан Датка айылдык Кенешинин 7-чакырылышынын кезексиз 16-отурумунун 2025-жылдын 08-октябрындагы №16/1 протоколунун негизинде токтом кылат:

1.  “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” 115-беренесине ылайык, Курманжан Датка  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2025-жылдын  бекитилген сметасындагы  салыктык жана салыктык эмес түрлөрүнүн  планына өзгөртүү  киргизүү жагы  каралсын.

К/н

Берененин аталышы

берене

жалпы

3-квартал

4-квартал

көбөйтүү

көбөйтүү

1

Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы

14232400

400,0

200,0

200,0

Баардыгы

400,0

200,0

200,0

2.                  Курманжан Датка  айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн   бекитилген сметасынын төмөндөгү беренесинин такталган планга өзгөртүү киргизүү жагы  каралсын:

К/н

Бөлүмдүн аталышы

Берененин аталышы

берене

Жалпы

3-квартал

4-квартал

көбөйтүү

көбөйтүү

1

Балдар бакчасы

Тамак-аш алуу(атайын каражат)

2218

400,0

200,0

200,0

Баардыгы

400,0

200,0

200,0

3. Жогорудагы акча каражатын 2025-жылдын   бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планына  өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.

4. Бюджетте каралган акча каражатын смета боюнча максаттуу жана мыйзам чегинде жумшалышын камсыздоо жагы  айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбай уулу Женишбекке  жана СЭӨП бөлүмүнүн башчысы Исакова Жазгүлгө тапшырылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык  кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Исаев Аскерге  милдеттендирилсин.     

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу №24 К. Аматов атындагы орто мектебинин эски имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү эшик терезелерин алмаштыруу үчүн долбоордук сметалык документтерин (ПСД) жана деффекттик актысын жасатуу иштерине үлүштүк дем берүүчү грантка сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака

Курманжан Датка айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 16-отурумунун
ТОКТОМУ

08.10.2025 №16/3

№24 К. Аматов атындагы орто мектебинин эски имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү эшик терезелерин алмаштыруу үчүн долбоордук сметалык документтерин (ПСД) жана деффекттик актысын жасатуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулунун билдирүүсүн карап чыгып талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. №24 К. Аматов атындагы орто мектебинин эски имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү эшик терезелерин алмаштыруу үчүн  долбоордук сметалык документтерин (ПСД)  жана деффекттик актысын жасатуу үчүн сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн каржыланган жалпы 3 292, 816 миң  сом долбоордо көрсөтүлгөн, өздүк салымынын 50 пайыздык 142170 миң сом өздүк салымы Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетине сунушталып бөлүнүп берилсин.
  2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  4.  Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
  5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу №25 Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин капиталдык ремонттон өткөрүү электр чубалгыларын улоо (электромонтаж), эшиктерин жана пол буюмдарын (кафель) алмаштыруу үчүн долбоордук сметалык документтерин (ПСД) жана деффекттик актысын жасатуу иштерине үлүштүк дем берүүчү грантка сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака

Курманжан Датка айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 16-отурумунун
ТОКТОМУ

08.10.2025 №16/4

№25 Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин капиталдык ремонттон өткөрүү иштерин жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулунун билдирүүсүн карап чыгып талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. 25 Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин  капиталдык ремонттон өткөрүү электр чубалгыларын улоо (электромонтаж), эшиктерин жана пол буюмдарын (кафель) алмаштыруу үчүн долбоордук сметалык документтерин (ПСД)  жана деффекттик актысын жасатуу иштерине сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн каржыланган жалпы 2 415,290 миң  сом долбоордо көрсөтүлгөн, өздүк салымынын 50 пайыздык 169070 миң сом өздүк салымы Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетине сунушталып бөлүнүп берилсин.
  1. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна милдеттендирилсин.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  1.  Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
  1. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу №24 К. Аматов атындагы орто мектебинин спорт залын капиталдык ремонттон өткөрүү, фасадын жасатуу эшиктерин алмаштыруу үчүн долбоордук сметалык документтерин (ПСД) жана деффекттик актысын жасатуу иштерине үлүштүк дем берүүчү грантка сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака

Курманжан Датка айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 16-отурумунун
ТОКТОМУ

08.10.2025 №16/5

№24 К. Аматов атындагы орто мектебинин спорт залын капиталдык ремонттон өткөрүү, фасадын жасатуу эшиктерин алмаштыруу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулунун билдирүүсүн карап чыгып талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. №24 К. Аматов  атындагы орто мектебинин спорт залын капиталдык ремонттон өткөрүү, фасадын жасатуу эшиктерин алмаштыруу үчүн сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн каржыланган жалпы 2030,993 миң  сом долбоордо көрсөтүлгөн, өздүк салымынын 50 пайыздык 230497 сом өздүк салымы Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетине сунушталып бөлүнүп берилсин.
  1. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулуна милдеттендирилсин.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  1.  Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
  1. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага:
Д. Камчыбек уулу

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Алай району
Курманжан Датка айыл аймагынын Айылдык Кеңеши

Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу №35 Арпа-Тектир МЧББМнин жылуулук системасын чыңдоо үчүн долбоордук сметалык документтерин (ПСД) жана деффекттик актысын жасатуу иштерине үлүштүк дем берүүчү грантка сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Алайский район
Айыльный Кеңеш Курманжан Даткинского айыльного аймака

Курманжан Датка айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 16-отурумунун
ТОКТОМУ

08.10.2025 №16/6

Боз-Караган айылы

Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу №35 Арпа-Тектир МЧББМнин жылуулук системасын чыңдоо үчүн долбоордук сметалык документтерин (ПСД) жана деффекттик актысын жасатуу иштерине үлүштүк дем берүүчү грантка сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө

№35 Арпа-Тектир МЧББМнин жылуулук системасын чыңдоо үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулунун билдирүүсүн карап чыгып талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. №35 Арпа-Тектир   МЧББМнин жылуулук системасын чыңдоо үчүн долбоордук сметалык документтерин (ПСД)  жана деффекттик актысын жасатуу иштерине  сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн каржыланган жалпы 755,584 миң  сом долбоордо көрсөтүлгөн, өздүк салымынын 50 пайыздык 52891 сом өздүк салымы Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетине сунушталып бөлүнүп берилсин.